Талас облусунда “Бүгүн бөбөктөргө кам көрүлүүсү- келечекте бардык багытта өлкөнүн өнүгүүсү” деген чакырыкта кайрымдуулук марафону өтүп жатат. Бул тууралуу 2-августта өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара облус башчы Койсун Курманалиеванын демилгеси менен уюштурулду. Максаты - 3 миллион сомго сатыкка коюлган "Талас алко" ишканасынын 2 кабаттуу имаратын элдин жардамы менен сатып алуу болуп саналат. Имаратта бала бакча кылуу пландалууда. Белгилүү болгондой, саат 13.00гө чейин 1 миллион 794 миң 604 сом акча чогулду. Ал эми жеке ишкер Күрүчбек Дөөлөтбеков жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан марафондун кутучусана 100 миң сом салганы айтылды. Айта кетсек, учурда облуста 20 бала бакча иштейт. Быйыл 10дон ашык бала бакча пайдаланууга берилерин билдиришти өкүлчүлүктөн.