Бишкекте 7 жаштагы кызды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя 17-июнда саат 20:30 чамасында Каралаев көчөсүндө орун алган.
"Ауди ТТ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Каралаев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып С.А. аттуу кызды сүзүп алган. Окуя болгондон кийин унаа башкарган адам изин жашырып качып кеткен. Ал эми жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы М.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дейт басма сөз кызматы.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, 297-берененин (автотранспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.