Мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 18:00 чамасында Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында Toyota Land Cruser үлгүсүндөгү унаа 10 метрдей бийиктиктен кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерден каза болуп, 3 жүргүнчү Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген.
"Ооруканага жеткирилгендердин бири мурдагы министр Аргынбек Малабаев экендиги белгилүү болду. Учурда ал жана дагы бир жүргүнчү оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деди басма сөз катчы.
Айрым маалыматтар боюнча кырсыкка кабылгандар аңчылыкка бара жаткандыгы айтылууда.