Бишкекте “Жүрөгүмдү балдарга арнайм!” аттуу акция башталды
Бишкекте “Жүрөгүмдү балдарга арнайм!” аттуу акция башталды. Бул тууралуу
уюштуруучулар билдирди. 29-июлдан 14-сентябрга чейин акча каражатын, оюнчук,
кийим чогултуу болот. "Өчпөс үмүт чырагы" демилгечи тобу уюштуруп
жаткан акциядан жыйналган каражат жана буюмдар Чүйдөгү жетим жана кароосуз
калган балдардын жатак-үйүнө берилмекчи. Аталган жайда тарбияланып жаткан 150
балага жардам берүүнү каалагандар (0553) 25-75-65 жана (0777) 33-88-11 номурлары
аркылуу кайрылсаңыздар болот.