Электр тармагындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 3-августтан 7-августка чейин саат 09:00дан 17:00ге чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 3-августта борбордогу Абдрахманов, Таалай, Бакаев көчөлөрүндө, “Көлмө” конушундагы Республика, Козу-Баглан, Алтын-Бешик көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт. 5-августта шаардын Москва көчөсүндө, Арча-Бешик конушунда, Чүй районунун Биримдик, Сайлык, Жаңы-Чек, Жаңы-Турмуш, Кош-Коргон, Кара-Дөбө, Искра айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Ал эми 6-7-августта Сокулук районуна караштуу Манас, Ак-Жол, Раздольное айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт.