Бүгүн, 2-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун акимин шайлоо жүрүп жатат. Акимдин кызмат ордуна 5 талапкер ат салышууда, алар: Нурлан Алиев, Камчыбек Кускаков, Канат Кожобаев, Болот Сулайманов жана Канатбек Супатаев. Талапкерлерди жана алардын программалары менен өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев жергиликтүү кеңештин депутаттарын тааныштырды. Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунда 13 айылдык кеңеш, 223 депутат бар. Аким шайлоого алардын 207си катышууда.