Үстүбүздөгү жылдын 7 айында ар кандай социалдык төлөмдөргө мамлекеттик бюджеттен 3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекеттик жөлөк пулдарга 2,5 миллиард сом которулса, акчалай компенсациялар жана жеңилдиктер 900 миллион сомдон ашкан. Кош бойлуулук, төрөт жана каза болгондугу боюнча жөлөк пулдарга 140, 6 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары жатак-үйлөрдү камсыздоого 112 миллион сом которулган. Ошондой эле министрликке караштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды реабилитациялоо жана медико-социалдык экспертизадан өткөрүү борборуна 20 миллион сомдон ашуун каражат берилген.