Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев ооруканада дарыланып жаткан учурда "Азаттыкка" маек берди. Анын жүрүшүндө журналист Али Токтакунов талкуу чордонунан түшпөй жаткан иликтөөсү тууралуу суроо узаткан. Маектин ошол бөлүгү толугу менен:
- Өмүрбек Чиркешович, өзүңүз көрсөңүз керек, “Азаттык” жакында “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген иликтөө чыгарды. Анда 2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен 700 миллион доллар чыгарылып кеткени иликтенген. Мындай маселелер ошол жогорку бийликтин эң башында турган адамдын кандайдыр бир көзөмөлүсүз ишке ашышы мүмкүнбү? Ал киши билбей калышы мүмкүнбү?
- Кыргызстан 1990-жылдардан, өзгөчө 2000-жылдардан баштап өзгөчө режимди, ошонун ичинде валюта иштери боюнча өзгөчө режимди тандап алган. Мисалы, Израиль сыяктуу. Израилге мүшөктөп акча уурдап алып келсең да, каяктан алып келип жатасың деп сурабайт. Ташып эле өлкөнүн ичине кирип кетсең болду. Биз ушул системге өткөнбүз. Ошон үчүн валюталык режим өтө күчтүү болгон Тажикстандан, Өзбекстандан Кыргызстанга акча мүшөктөп келип, кийин бүт дүйнөгө иш боюнча тарап турган.
Азыркы банк-финансылык системи өзүнүн ишенимдүүлүгүн жоготууда. Америкага жакпай калган Каддафинин, Саддам Хусейндин, Мадуронун, Африкадагы диктаторлордун же орустун компанияларынын акчасын тоңдуруп, бербей коюп жатат. Керек болсо орустарды дүйнөлүк банк системинен чыгарып коёбуз деп коркутканга чейин барышууда. Иранга жана башка көп өлкөлөргө ушундай санкциялар жарыяланды.
Мына ушул кезде альтернативалык финансылык валюталык систем түзүлдү. Бул байыркы орто кылымдагы систем. Алтын же акчаны накталай түрдө ташуу. Миллиарддаган доллар, тонналаган алтын ары-бери ташылып жатат. Акыркы жылдарда Кыргызстан башкы пунктка айланды. Мурда Жибек жолунун боюнда кербен сарайлар болгон да, Бакиевдин учурунда, Атамбаевдин убагында болгон. Мага бирөөлөр "Кумтөр, Кумтөр деп кыйкырасыңар, Жалал-Абад облусунан деле Кумтөрдөн чыккан алтындан кем эмес алтын чыгат, ошол Кыргызстандан сыртка ташылып, кыргыз элине пайдасы тийбей жатат" деп айтты эле. Алтынды Кыргызстандан алып чыгып, башка өлкөлөргө алып кириш деле кыйын. Эми анын өзүнүн жолдору бар.
Бирок мен Дача-СУда кыйраган учак Кыргызстандан чыккан алтынды, Тажикстан, Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу жыйналган тонналаган алтынды Стамбулга ташып кетип жаткан деп шек санагам. Анткени Стамбул банктык системге альтернативалык валюталык систем борбору болуп калды. Миллиарддаган акча, алтын түрүндө соода жүргүзүп калды. Кыргызстандан чыккан тонналаган алтынды ошол жүк ташуучу учак Түркияга жеткирип, кийин Түркиядан нак акчаны Гонгконгго ташыган болуш керек деген менде шек бар...
Али Токтакуновдун суроосуна Өмүрбек Текебаев мына ушундай жооп узатты. Андан көрүнүп тургандай, биринчиден, экс-депутат журналистке өлкөдөн акча чыгаруунун тартиби, жол-жобосу кандай экенин жөнөкөй тил менен жиликтеп түшүндүрүп берди. Ал эми суроонун өзөгүн түзгөн "Азаттыктын" иликтөөсү, ал иликтөөдө сөз болгон Матраимовдор, мындай иштерде президенттин көзөмөлү болор-болбосу тууралуу Текебаев соболду жоопсуз калтырды.
"Бешинчи каналдын" журналисти Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсүндө жарыяланган документтер жасалма экенин өз репортажында жарыялаган. Алтургай, 700 миллион долларды өлкөдөн чыгарган Айэркен Саймаитинин колу ага эмес, Америкада жашаган Адам Стенфилд аттуу адамга таандык болуп чыкканы айтылган. Бул маалыматтар ачыкталгандан бери "Азаттык" өз иликтөөсүндөгү документтердин чындыгын кагаз түрүндө тастыктай элек. Мекеме иликтөө улантыларын жарыялаган.