Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун акими шайланган жок. Себеби 5 талапкердин ичинен 2-айлампага чыккан Нурлан Алиев жана Канат Кожобаев тиешелүү добуштарды ала алышкан жок. Алиевге 97 добуш берилсе, Кожобаевге 78 депутат добуш берген. Ал эми 29 депутат баарына каршы болсо, 3 бюллетень “жараксыз” деп табылган. Аким шайланышы үчүн шайлоого катышкан депутаттардын 50 пайызынын колдоосун табышы, башкача айтканда, 112 добуш алышы керек эле. Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунда 13 айылдык кеңеш, 223 депутат бар. Аким шайлоого алардын 207си катышкан.