Бүгүн, 4-августта Ош шаарына Бириккен Араб Эмиратынан Мухаммед (САВ) пайгамбардын 1 тал чачы алынып келинди. Бул күнү аксакалдар баш болгон Ош облусу боюнча 500дөй тургун Мухаммед (САВ) пайгамбардын чачын көрүү үчүн аэропортко барышты. Чачты алып келгендерди аэропорттон тосуп алган соӊ шаардык жана облустук муфтияттын чечими менен пайгамбардын чачы Сулайман тоо мечитине алынып барылды. Учурда ал чачты көрүү үчүн келгендердин саны үзүлбөй, мечитке чогулгандардын саны 20 000дей деп болжолдонууда. Белгилей кетсек, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин сурануусу менен пайгамбардын 1 тал чачы Бириккен Араб Эмиратынан Кыргызстанга кечээ, 3-август күнү алынып келинген. Бул чачты алып келүүгө Кыргызстандан башка мамлекеттер да ынтызар болушканын жана чүчүкулактын негизинде Кыргызстанга туш келгенин муфтияттан билдиришти.