Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн кечки окуу класстары ачылууда

Ош шаарындагы №18 Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясынын базасында сентябрь айынан баштап кечки окуу класстары ачылат. Анда шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары окумакчы. Күндүз ата-энелеринин иштерине жардам беришип мектепке келбей калган балдар кечинде билим алышмакчы. Аталган долбоор Билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашып, каражат маселеси мамлекет тарабынан каржыланмакчы. “Класстар 35 окуучуга ылайыкталган, учурда 20дан ашык окуучу билим алуу үчүн арыз менен кайрылышты”,- дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Кутман Камчыев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан