Жалал-Абад. Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, Толук айылынын 10 миң гектар жери суу алдында калат
Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Толук айылынын 10 миң гектар жери суу алдында калат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Толук айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек Кадыров билдирди. Айтымында, суу сактагыч Өргө, Кабылан, Жампа жана Ноот кыштоолорун басат. "Мамлекет 2 миң гектар жерди гана суу басат деген, бирок 10 миң гектар жерибизди суу каптайт. Райондун акими Үсөнкул Шабданов Жогорку Кеңеште баяндама жасап, бул боюнча маалымат берген. Биздин тургундар мал-чарбачылык жана дыйканчылык менен күн кечиришет. Көптөгөн жерибизди суу каптап калса, элдин жашоосу кандай болору белгисиз. Азырынча компенсация төлөп берүү боюнча сөз боло элек",- дейт Кадыров.