Жалал-Абад. Июль айында темир жол аркылуу облуска 881 вагон жүк келген
Түштүк темир жол бөлүмү аркылуу июль айында Жалал-Абад облусуна 881 вагон жүк келсе, облустан сыртка 439 вагон жүк чыгарылып, жалпы салмагы 24 893 тоннаны түзгөн. Маалыматты аталган бөлүмдүн башчысы Бахтияр Юнусов билдирди. Ал эми жыл башынан бери облуска 7295 вагон жүк келсе, сыртка 2199 вагон же 124 493 тонна жүк чыгарылган.