Жалал-Абад. Базар-Коргон районунун 5 айыл өкмөтү таза суу менен камсыздалат
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун 5 айыл өкмөтү таза суу менен камсыз болот. Райондун акими Таалайбек Долдоевдин билдиришинче, өлкөдөгү банктардын бири айылдыктардын таза суусу үчүн 192 миллион сом бөлүп берүүнү пландоодо. "Бул долбоорду ишке ашыруу башталып жатат. Ал ишке ашса 138 миң жашоочу таза суу менен камсыз болот",- дейт район башчы.