Жалал-Абад. Шаарда "Тез жардам" кызматына 6 айда 6435 чакыруу түшкөн
Жалал-Абад шаарындагы "Тез жардам" кызматына 2013-жылдын 6 ай аралыгында жарандардан 6435 чакыруу түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Маматжан Миянов билдирди. Айтымында, аба ырайы кескин ысып, ич өткөк жана инфекциялык оорулардын саны өстү. Өткөн жылга салыштырмалуу бул жылы "Тез жардам" кызматын чакыргандардын саны 554кө өскөн. Былтыр 6 айда 5881 чакыруу болгонун айтат Миянов.