Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүн оңдоо иштери башталды

Бишкектеги Сүйөркулов (Донецк) көчөсүн оңдоо иштери 2-августта башталганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Оңдолчу жолдун жалпы узундугу 1,8 чакырымды түзөт, ал эми туурасы 15 метрге чейин кеңейтилип, 4 тилкелүү жол болмокчу. Жолду оңдоо иштери октябрь айында бүтмөкчү. Сүйөркулов көчөсүн реконструкциялоо иштери Түркия насыясынан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Оңдоо иштерине байланыштуу Сүйөркулов көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Келтирилген оңтойсуздуктар үчүн Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарынан кечирим сурайт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан