Жалал-Абад. Облуста жарым жылда автокырсыктан 88 адам каза болгон

Жалал-Абад облусунда 2013-жылдын 7 айында 340 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 88 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта облустук жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кудайберди Мусалиев билдирди. Айтымында, автокырсыктан 538 жаран ар түрдүү жаракат алып, ооруканага кайрылган. Өткөн жылы жол кырсыгынан 87 адам каза болуп, 401 адам ар кандай жаракат алышкан. "Жылдан жылга өлкөдөгү автоунаалардын саны өсүүдө. Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн саны аз. Көпчүлүк айдоочулар жол эрежелерин жакшы билбейт. Ошонун натыйжасында жол кырсыктары көп болуп, бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылууда",- дейт Мусалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан