2-4-август күндөрү Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 88 жол эрежесин бузуу катталды. ИИМдин Жол кайгуул кызматы билдиргендей, 11 унаа убактылуу унаа токтотуучу жайга жеткирилди. 2 күндүк рейд учурунда 5 айдоочу тиешелүү документтери жок унааны башкарып жүрүшкөн, 6 айдоочу унаа башкарып бара жатып, телефон менен сүйлөшкөн, 3 айдоочу тиешелүү эмес жерге унаасын токтоткон, 1 айдоочу МАИчилерге баш ийбей, токтобой качып кетүүгө аракет кылган, 43 айдоочу унаасынын терезелерин караңгылатып алган, 3 унаанын мамлекеттик номуру жок болгон, 21 айдоочу коопсуздук курун тагынбай унааны башкарып жүргөн, 5 айдоочу мас абалында болгон. Бул жол эрежелерин бузуу боюнча 88 административдик протокол түзүлгөн.