Жалал-Абад. Чаткалда 40 үйгө электр жарыгы тартылды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын 1-май көчөсүнүн жашоочулары электр жарыгы менен камсыз болушту. Аталган айылдын башчысы Бактыбек Турдалиевдин айтымында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен көчөгө бир трансформатор орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. "Ага жалпы 300 миң сом сарпталып, 40 үй электр жарыгы менен камсыз болду",- дейт айыл башчы.