Ош шаарында бүгүнкү күнгө 1000дей мектеп окуучусу шаардагы “Жеткинчек” лагеринде эс алуу менен бирге ден соолуктарын чыңдоодо. “600дөй мектеп окуучусу күндүзгү эс алуу лагеринде болушту, ал эми 400гө жакын өспүрүм балдар жайкы ден соолукту чындоо лагеринде эс алышты. Жакында эс алуучулардын 3-бөлүмүн кабыл алабыз”- дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Токтосун Маматов. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана Июнь окуясында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына эс алууга шарт түзүлгөндүгүн кошумчалады ал.