Кыргызстан 2 миллион еврого курал-жарак сатып алат. Бул тууралуу өкмөт менен ЕККУнун ортосунда макулдашуу түзүлдү. Коргоо министрлиги кабарлагандай, өлкө жакынкы күндөрү заманбап жеңил жана атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды сатып алуунун алдында турат. Мындан сырткары 3 аскер бөлүгүндө жаңы курал сактоочу кампалар курулат. Маалыматка ылайык, өлкөнүн курал сактоочу кампаларында совет мезгилинен берки эски куралдар сакталуу.