Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаевдин демилгеси менен облуста "Ынтымак" форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. "Ынтымак" форуму 10-11-августта болмокчу. Максаты - Ысык-Көл облусунун мындан ары туруктуу өнүгүп жана гүлдөп өсүшү үчүн жарандарга татыктуу шарттарды түзүү менен бирге аймакта жашаган тургундардын ынтымак жана достугун бекемдөө, тынчтыкты жана биримдүүлүктү жайылтуу болуп саналат. Форумдун 1-бөлүгү Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында салтанаттуу чоң жыйын жана маданий иш-чаралар менен өтөт. Ал эми 2-бөлүгү Каракол шаарындагы ат майданында улуттук ат оюндары менен коштолмокчу. Байге фонду 1,5 миллион сом.