“Ош электр” ишканасынын билдиришинче, облуста жылдан жылга авариялык өчүрүүлөр азаюуда. Тактап айтсак, 2011-жылы 6 айда 3043 авариялык өчүрүү болсо, 2012-жылдын 6 айында бул көрсөткүч 2854тү түзгөн. Ал эми 2013-жылдын ушул эле айларында 1179ду түзүп, мурунку жылдарга салыштырмалуу 40 пайызга азайды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.