Руслан Кубатбеков Борбордук бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов кол койгонун аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Р.Кубатбеков буга чейин Баткен бажысынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.