Социалдык өнүктүрүү министрлиги жатак үйлөргө жарандык көзөмөлдү күчөтөт
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өлкөдөгү жатак үйлөрдүн
ишине жарандык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма
сөз кызматы билдирди. Министрдин айтымында, бардык жатак үйлөр элдин
көзөмөлүндө болушу керек. “Жатак үйлөрдө байкоочу кеңеш болсун”,- деп билдирген министр. Бүгүнкү күндө министрлик 15 жатак үйдү
көзөмөлдөйт. Анын ичинде карылар үйү жана майып балдардын жатак үйлөрү да бар.