Бишкектин Келечек жаңы конушундагы борбордук көчө асфальтталды. Алгач өз билемдик менен көчөгө жакын курулган дүкөн, тосмолор бузулуп, көчө кеңейтилген. Август айынын башында узундугу 1 чакырым 200 метр болгон көчөгө толугу менен асфальт төшөлдү. Ары-бери унаа өткөн сайын чаңдын арасында калган жашоочулардын кубанычында чек жок. Келечектиктер "Биздин көчөдө да майрам болот" деген ушу турбайбы деп жаткан учур. Ал эми жолдун сапаты тууралуу Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рахатбек Сүйүмкулов буларды айтты: "Көчөнүн узундугу 1,2 чакырым, туурасы 6,60 метр болду. 1,5 метрлик тротуар да кошулду. Жолдун сапаты 2 аптадан кийин текшерилип, асфальттын курамы жана лабораториядан текшерүүдөн өтөт. Кокустук болуп эле бузулуп кетпесе, 1 жылга чейин жолдун сапатына жол курган фирма жооп берет".