Каракол шаарында жамгырдын кесепетинен 5 үйдү суу каптады

4-августта саат 14:15 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Каракол шаарындагы МК-1 каналынан суу ашып, Кадыров көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйдүн чарбагын жана 3 турак үйдү суу каптаган. Бул туурасында 5-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Азыркы күндө Каракол шаарынын аймагындагы каналдарга суу бөлүштүрүү токтотулду. ӨКМнын Каракол шаардык бөлүмү жана "Тазалык" ишканасы тарабынан Каракол суусунун жээгиндеги кооптуу бөлүктөр, арыктар, каналдар жана көпүрөлөр көзөмөлдөнүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан