Ысык-Көлдө 3 адамдын өмүрүн алган кырсыкка кабылган унаалардын биринде шаардык кеңештин депутаты болгону айтылууда

Темирлан ТокобековЫсык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына кабылган унаалардын биринде Бишкек шаардык кеңешинде "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Темирлан Токобеков болгон деген маалымат тарады. Ал кырсыктан кийин Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген деп айтылууда.

Азырынча жогорудагы маалыматты тактоо үчүн Темирлан Токобековго байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Буга чейин ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, 7-июлда Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы жол кырсыгынан BMW Х7 жана Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Бул мекеме BMW Х7 унаасынын айдоочусу тууралуу гана маалымат берип, ал эми жүргүнчүсү тууралуу берген эмес.

"BMW Х7 унаасын 1996-жылы туулган Х.Э. аттуу бала башкарып бара жаткан. Ал эми Lexus ES 300 унаасын 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Б.Н. башкарып келе жаткан. Ал жолдун ортосунан бурулуш жасайм деп кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен Lexus ES 300 унаасынын айдоочусу, андан тышкары 1995-жылы туулган Д.Н. жана Б.Б. аттуу 2 жүргүнчүсү каза болгон. Ал эми К.Б. аттуу жүргүнчү Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - дешкен мекемеден.

BMW Х7 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алган эмес. Жол кырсыгы 7-июлда Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде орун алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Jango
2019-07-09 11:42:47
БМВ Х7 дейби туугандар
+3
Mikra
2019-07-09 11:58:48
Кымбат баалуу болгон учун машинасы озу аман калыптырда кайран БМВ Х7.жапжаш балдардын олумуно себебкер кунолуу ошол жеп жуутардын баласы.
+11
kechirmeni
2019-07-09 12:08:40
Экоо тен шамал машиналар экен, акырыныраак эле жургулочу, озунордун да бироолордун да кырсыгына себепчи болбой, "Жузго баспай жузго чыккыла"
+2
Aalambek
2019-07-09 12:13:34
Жаткан жерлери жайлуу болсун шашпай айдагылачы туугандар
+3
Bars88
2019-07-09 12:14:27
Тушунгучо3-4 жолу окуйсунго.Б.Н Д.Н Х.Е Б.Б кимиси ким экенин тушунгучо
+6
Taku.14.02
2019-07-09 12:51:09
Bars88,мен да ким бурулуп жатат
0
Aikaaaa
2019-07-09 12:37:04
Эми ушу жерден да бул ишти басып коюшат да, Жээнбековдун кудасы болуп жатса, даана анык жүздөрү эми билинет
+6
Chungyz
2019-07-09 12:43:27
Мен эми угуп жатам кыргызстанда бмвx7
+3
Karakash
2019-07-09 14:45:12
Жээнбековдун жузун эми коробуз. Кудасына кылмышты кандай ачаар экен.
+4
Sogushov
2019-07-10 06:31:40
Бмв х6 болсо керек х7 озу жок, бирок суротто х5 рестайлинг 2018г
0
Эльвира Караева
2019-07-10 10:39:09
Sogushov, BMW X7 жок эмес, ал бар. Сатыкка ушул жылдын жаз айларынан баштап чыгарылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан