Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл облусунун Бостери айылдык кеңешине КСДП партиясынан депутат Чынаркүл Молдошеванын өмүрүнө кол салуу боюнча ишти дыкат иликтеп, кылмышкерди табуу боюнча Ички иштер министрлигине кайрылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Чынаркүл Молдошева менен жакында эле Ысык-Көлдөгү шайлоочулар менен жолугушууда кезиккенбиз. Ал ошондо мыйзамсыз көп иштер боюнча кайрылуу жасаган. Ал 2009-жылы Бакиев бийлигинен да эч коркпостон Балыкчы окуясына катышкан. Чындык үчүн чыркырап күйгөн КСДП партиясынын активдүү мүчөсү, ак ниет депутатка буга чейин да коркутуулар болгон", -дейт Турсунбеков.
Ооруканадагы Молдошеванын абалы менен КСДП лидери бүгүн, 5-августта барып таанышарын кошумчалады. Эскерте кетсек, 3-августта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында белгисиз бирөө айылдык кеңеште КСДП партиясынан депутат Чынаркүл Молдошеваны башына аткан. Депутатка операция жасалып, дарыгерлердин айтуусунда абалы туруктуу.