Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 6-августта саат 9:00дөн 17:00гө
чейин Бишкектеги Тимирязев көчөсүндөгү № 35-көп
кабаттуу үйдө, Северный,
Ярославский, Фучик, Клубный,
Панфилов, Кулатов, Горький көчөлөрүндө, Ак-Тилек,
Арча-Бешик конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт.
Ошондой эле Сокулук районуна караштуу Учкун, Манас айылдарында, Жайыл
районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Мир
көчөсүндөгү №22-көп кабаттуу үйдө,
Сосновка, Жон-Арык, Жекен айылдарында, Аламүдүн районундагы
Лебединовка айылында электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр”
ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр өсүп кеткен бутактарды кыйып, зымдарды
тарттыруу иштерине байланыштуу болот.