Кыргызстанда Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн аймагын бузгандар 2300 сомдон 750 000 сомго чейин айып пул төлөйт

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн аймагын бузуучуларга карата айып пулдун өлчөмү жогорулады. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Мергенчилик департаментинин директорунун орун басары Алмаз Мусаев билдирди. Эми аянты 1 гектар жерди ээлеген бадалдарды бузуучуларга айып пул өлчөмү 750 миң сом, чөптүн түрү же козу карын өскөн аянттарды бузуучуларга 450 миң сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы. Ал эми эңилчек жана мох өскөн 1 чарчы метр жерди талкалагандар 2 300 сом айып пул төлөшөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан