5-августта Орусиянын Москва шаарында жааган катуу жамгырдын кесепетинен көчөлөрдө унаа тыгындары пайда болуп, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратты. Жамгырдын айынан футбол боюнча Орусия чемпиондугунун кезектеги оюну жарым саатка кеч башталды. Оюнда "Локомотив" - "Краснодар" командалары беттешти. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетин жоюу үчүн 250 атайын техника тартылып, 80 жумушчулар тобу иш алып барышкан. Жамгыр саат 22:00дө токтогон.