Президент Алмазбек Атамбаев “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган. Ал чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын принциптерин жана максаттарын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин негизги багыттарын аныктайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.