Талас. Ашар жолу менен Талас районунун Чат-Базар айылындагы 1 көчөгө таза суу киргизилди

Талас районунун Чат-Базар айылындагы Камчыбек Алпаев атындагы көчөгө ашар жолу менен таза суу киргизилди. Бул тууралуу аталган райондогу Ү.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Козубек Айталиев билдирди. Айтымында, аталган көчөдө жашаган 50 түтүн үй көп жылдардан бери таза сууга жетпей келишкен.  

“1 миллион сом сарпталчу ишти айыл тургундары өздөрү бүтүрүштү. Суунун тазалыгын тийиштүү кызмат текшерип, талапка жооп бере турганын айтты. Жаштар учурда көчөнү толук жарыктандыруу боюнча аракеттерди көрүп жатышат”,- дейт Айталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан