Талас районундагы Сасык-Булак айылында жардамга муктаж 5 жаш үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү батирлер берилди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Кубатбек Алапаев билдирди.
Сасык-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Сапаралиев буларды айтты: “Батирлер бардык шарттар менен жасалган. Жаш үй-бүлөлөр батирге акча төлөшпөйт, болгону электр энергиясынын акысын төлөп турушат".