Жалал-Абад. Шаарга тарыхый инсандардын сүрөтү түшүрүлгөн тактайлар илинди
Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнө 32 даана тарыхый жана улуу инсандардын сүрөтү түшүрүлүп, алар туурасында кыска маалымат жазылган жарнак тактайлары илинди. Мэриянын мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Үпөл Асаналиева бул иштерге 34 миң 200 сом сарпталганын айтат. "Мындай тактайларды илгенибиздин максаты - жаштарга, коомчулукка улуу инсандар жөнүндө маалымат берүү. Жаштар атактуу тарыхый инсандарды унутуп бара жатышат. "Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" дейт кыргыз эли. Андыктан аларды унутпай жүрүү кийинки муундун милдети",- дейт Асаналиева.