24-июлда Гепатит менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата маалымат жыйын болуп өттү.
Гепатит менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын 28-июлда белгиленип келет. Жугуштуу деп саналган бул илдеттин B жана С түрүн дүйнө жүзүндө 325 миллион адам жугузган, алардын ичинен 1 миллион 400 миң киши жыл сайын көз жумат.
Маалымат жыйынга Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө республикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн жугуштуу оорулар боюнча адиси Калия Касымбекова, Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова катышты.
Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө республикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматовдун айтымында, гепатит менен ооруп каза болгондордун көп экендиги статистикада көрсөтүлбөй калат. Анткени бул дарттын өөрчүп кетүүсү рак жана боор циррозуна алып келгендиктен статистикада рак менен боор циррозунан каза болду деп жазылып каларын билдирген.
"Эң чоң көйгөйлөрдүн бири - дүйнө жүзү боюнча гепатит оорусун жуктуруп алгандардын 87 пайызы билбейт. Ал эми биздин өлкөбүздө ооругандардын 99 пайызы ооруну жуктуруп алганын сезишпейт. Андыктан жалпы жарандарды лабораторияларга келип текшерүүдөн өтүүсүн айтып, түшүндүрүшүбүз керек. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча ооругандардын 20 пайызы гана толук дарыланат. Бизде болсо 2018-жылы 2200 киши дарыланды. Дарыланууну канчалык эрте баштаса жыйынтык эффективдүү болот. Бүгүнкү күндө гепатит илдетине чалдыккан бейтапты дарылоого болжол менен 180 миң сом сарпталат. Ошондой эле бул илдетти алдын алуу үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайларга милдеттүү түрдө атайын эмдөөлөр жүргүзүлөт. Эмдөө албагандар 600 сомдон 3 жолу 1800 сомго эмдөө алса, бул оору такыр жукпайт жана жуктуруп алуу коркунучу болбойт".
Гепатит илдети ичинен А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт. Аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда "боткин" деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү организмде билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат.