Бүгүн, 25-июлда Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылды. Эки өлкөнүн чек арачылары күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда.
22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айткан.
Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.
Вице-премьер Жеңиш Разаков, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна барышты.
Жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылганы маалымдалган.