Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейине 2013-жылдын 6 айында 52 059 адам кирген. Анын 935ин чет өлкөлөрдөн келгендер түздү. Мындан сырткары Ош шаарына жалпы 52 994 турист келген. 10 978 турист экскурсиялык тейлөөлөр менен камсыздалганы айтылды. ”Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп”,- дейт өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Камчыбек Досматов.