Москвада 4 кыргыз паспорту жок кармалган, учурда алар мигранттарды кармоочу чатырларда күн көрүшүүдө

Орусиянын Москва шаарындагы  Иртышский проезд, 8-үй дарегинде жайгашкан мигранттарды кармоочу чатыр лагердеги шарттар менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 5-августта таанышып чыкты. Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда ал жерде паспорттору жанында болбой калып кармалган Кыргызстандын 4 жараны бар. “Алардын экөө эркек болсо, экөө аял. Мигранттарды кармоочу жайдын шарттары жакшы экендиги жана ал жерде 3 маал тамак берилери белгилүү болду. Бирок кармалгандар жынысына карабастан бардыгы бир чатырга түнөшөт экен. Элчилик бул 4 кыргызга өздүгүн тактоочу документтерди жана кийим-кечелерди ал жайга жеткирип берүү маселесин кароодо”,- деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан