Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-августта “КРнын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Мыйзам 3 айдан ашуун иш жүргүзүп жаткан коомдук тамактануу субъектилеринин ишин календардык жылдын каалаган айында салык контрактынын негизинде салык төлөөгө которуу жолу менен мамлекеттик бюджетти толуктоого багытталган. Ал расмий жарыялангандан он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан