Жалал-Абад. Шаарда Сармерден маданий иш-чарасы уюштурулуп, жеңүүчүлөр 31-августта аныкталат
Жалал-Абад шаарындагы 5 аймактык башкармалыктын ортосунда Сармерден маданий иш-чарасы уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн,6-августта шаардык мэриянын маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекова билдирди. Айтымында, элдин рухий жан дүйнөсүн байытуу максатында аталган иш-чара өткөрүлгөнү жатат. "14-августта башталып Спутник жана Ч. Айтматов аймактык башкармалыктары таймашат. Эки тараптан 14дөн адам катышат. Эл арасынан чыккан таланттардын өнөрүнүн биринчи айлампасы 14-августта болсо, 2-айлампасы 24-августта болот. Жеңүүчүлөр Эгемендүүлүк күнүндө, 31-августта аныкталат",- дейт Асилбекова.