Өзгөчө кырдаалдар министри Жети-Өгүз районундагы сел каптаган жерлер менен жеринен таанышат

Бүгүн, 6-августта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кырсык болгон жерлерге жөнөп кетти. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-сапарында министр болуп өткөн кырсыктын кесепеттерин жоюуда жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринен көзөмөлдөп, тиешелүү чечимдерди кабыл алмакчы. Эске сала кетсек, 3-августта Жети-Өгүз районунда сел жүрүп, айрым жолдорду жана көпүрөлөрдү суу алып кеткен. Сел кырсыгы айыл чарбасына да зыян алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан