8-11-август күндөрү АКШда өтүүчү дзюдо боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка катышуу үчүн Ош шаарынан 4 спортчу жөнөп кетти. Алар Эртабылсын Рыскул уулу (55 килограммга чейин), Жакшылык Туманбаев (60 кг), Минур Салимжанов (66 кг), Бакыт Абдыкеримов (81 кг). Машыктыруучусу Бакыт Жусупов. Чемпиондукка дүйнөнүн 90дой өлкөсүнөн спортчулар катышат. Ош шаарына барган спортчулардын чыгымын алар машыккан "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчилиги, Ош облустук администрациясы жана жергиликтүү демөөрчүлөр көтөрдү.