Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери
Өмүрбек Текебаев бүгүн, 6-августта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына барып, муфтий
Рахматулла ажы Эгембердиевди жана Кыргызстандагы жалпы мусулмандарды ыйык Орозо айт майрамы
менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Эл өкүлү
Кыргызстанга тынчтык жана ар бир
үй-бүлөгө бейпилдик, молчулук каалады.