Бүгүн, 1-августта Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда КамАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү унаа сүзүштү. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 5 киши каза болду. Каза болгондордун экөө Кыргыз жараны экени айтылды. "Ал эми 3 адамдын абалы оор. Облустук полициянын маалыматына ылайык, Toyota үлгүсүндөгү автоунаада Кыргыз жарандары болгон. Алдын ала маалымат боюнча, КамАЗдын айдоочусу жол эрежесин бузган. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды", - деп жазылат маалыматта.