Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушунда паспорту жана каттоосу жок добуш берген шайлоочу кармалды
Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач жаңы конушундагы №1151 жана №1138-шайлоо участкаларында "Республика" саясий партиясынын байкоочулары тарабынан паспорту жана каттоосу жок добуш берген шайлоочулар кармалганын аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди. Бул факты видеого тартылып, тийиштүү акт түзүлдү.