Жогорку Сот: Мамлекеттик жактоочу "ата журтчу" 3 депутат боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырууну суранды
Жогорку Сотто уланып жаткан сот ишинде депутат Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик жактоочусу Назира Абышкаева "ата журтчу" 3 депутат боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырууну соттон суранды. Айтымында, айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденген жок. Бул ойду депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов да колдоп, шаардык соттун чечимин күчүндө калтыруу өтүнүчүн айтты. Сот иши уланууда.