Борбордук шайлоо комитети 6-августта өткөн жыйынында Талды-Суу, Жаңы-Пахта жана Ново-Павловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кызмат ордуна бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Уланбек Бердигулов, Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сулайман Жоробеков дайындалды. Ал эми Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эрмек Мамырканов бекитилди.