Каникулда окуучулардын бош убакытты туура пайдалануусун көзөмөлгө алуу ата-энелердин гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча "Мекеним менин – Кыргызстан" аттуу иш-чаранын алкагында Жалал-Абад ОИИБи ар кандай көңүл ачуучу оюндарды жана спорттук мелдештерди өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин мындай иш-чаралар шаардын аймагында болуп келсе, эми Майлы-Суу шаарында жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда уланууда. Жакында Кочкор-Ата шаарында футбол боюнча чоң спорттук мелдеш болуп өттү. Оюнда 1-орунду ээлеген Жалал-Абад шаарынын командасына 5000 сом жана диплом берилсе, 2-орунду ээлеген Базар-Коргон районунун футболчуларына 3000 сом жана диплом, 3-орунду ээлеген Ноокен районунун футболчуларына 2000 сом жана диплом ыйгарылды. Ал эми Сузак районунун жана Майлы-Суу шаарынын футболчуларына кызыктыруучу 750 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.